Главный » Кыргызча ырлар жаны » элмира таджиева - таң сыры

элмира таджиева - таң сыры

Скачать
элмира таджиева - таң сыры
элмира таджиева - таң сыры
Предыдущая Следующая

Слушать песню элмира таджиева - таң сыры

Текст песни элмира таджиева - таң сыры

Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган
Нурларынан курган кайран көпүрөм
Бекемине күмөнсанап жаңылгам
Өтүмү жок болгонума өкүнөм

Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып өтүнөм?
А-а-ай, о-о-ой
Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып күнү-түнү
Кимге барып өтүнөм?

Таңшыгыча табышмактуу таң сыры
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү
Таба албайм кайрылганда айт чынын
Артык бекен башка жердин көркөмү?

Арбалсаң да бир келерсиң
Ала-Тоону көргөнү
А-а-ай, о-о-ой
Сагынганда бир келерсиң
Саргайганда бир келерсиң
Ала-Тоону көргөнү

Кала берем мекенимде сени эстеп
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо
Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм
Жаңырыгы жарар зоо
А-а-ай, о-о-ой
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм
Жаңырыгы жарар зоо

Сагынганда бир келерсиң
Саргайганда бир келерсиң
Ала-Тоону көргөнү
Ала-Тоону көргөнү

Похожие песни

Доступ к музыкальному сервису
Доступ к музыкальному сервису
Доступ к музыкальному сервису
Доступ к музыкальному сервису
Доступ к музыкальному сервису

Комментарии