Главный » Кыргызча ырлар жаны » сыймык бейшекеев - айтылбаган махабат

сыймык бейшекеев - айтылбаган махабат

Скачать
сыймык бейшекеев - айтылбаган махабат
сыймык бейшекеев - айтылбаган махабат
Предыдущая Следующая

Слушать песню сыймык бейшекеев - айтылбаган махабат

Текст песни сыймык бейшекеев - айтылбаган махабат

Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин
Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин
Кусадан курган жүрөк жанчылса да
Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин
Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин
Артылып карабасаң кейибеймин
Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң
Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин

Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай
Жаңырат ойлор уюп коргошундай
Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң
Сергибей, бөксө жерим толбочудай
Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин
Артылып карабасаң кейибеймин
Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң
Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин

Сен туруп көңүлүмдүн борборунда
Камалдым махабаттын коргонуна
Тийгенде ал сендик деп угулгансыйт
Тамчысы ак жамгырдын колдорума
Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин
Артылып карабасаң кейибеймин
Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң
Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин

Похожие песни

Доступ к музыкальному сервису
Доступ к музыкальному сервису
Доступ к музыкальному сервису
Доступ к музыкальному сервису

Комментарии